Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Силер... баалуусуңар» (МАТАЙ 10:31).

Кудай силерге көз салабы?

Кудай силерге көз салабы?

АДАМ БАЛАСЫНЫН ТАБИЯТЫ ЭМНЕНИ АЙТЫП ТУРАТ?

Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден кийинки 60 мүнөт анын жашоосундагы абдан маанилүү учур болот. Эмне үчүн? Ошол убакыттын ичинде эненин чүрпөсү менен ынак мамиледе болгону анын ар тараптуу өсүп-жетилишине укмуштуудай таасир этет *.

Энеге жаңы көз жарган баласына назиктик менен кам көрүүгө эмне түрткү берет? Профессор Жаннет Креншоу түшүндүргөндөй, ошол убакта окситоцин гормону көп иштелип чыккандыктан, аял баласын сылаганда, караганда, эмизгенде, ага болгон энелик сезимдери күчөйт. Ошол кезде дагы бир гормон бөлүнүп чыгат. Ал болсо энеге баласынын муктаждыктарын канааттандырууга, аны менен ого бетер ынак болууга жардам берет («The Journal of Perinatal Education»). Бул эмне үчүн көңүлгө аларлык?

Эне менен баланын ортосундагы ушундай жылуу сезимдерди мээримдүү Жаратканыбыз — Жахаба Кудай * — берген. Дөөтү пайгамбар ага: «Сен мени энемдин курсагынан чыгаргансың, эмчектеги кезимде эле коргоп жүргөнсүң»,— деген. Анан: «Төрөлгөнүмөн тартып сенин колуңа тапшырылгам, энемдин курсагында жаткандан бери сен менин Кудайымсың»,— деп айткан (Забур 22:9, 10).

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ. Эгер Кудай эненин ымыркайына назиктик менен кам көрүшүнө, анын муктаждыктарын канааттандырышына шарт түзгөн ушундай татаал нерсени жараткан болсо, анда ал өзү да бизге жекече көңүл бурат деп күткөнүбүз акылга сыярлык эмеспи?

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

Жаратканды баарыбыздан жакшы билген Иса Машаяк мындай деген: «Эки таранчы бир эле тыйынга сатылат эмеспи. Анткен менен алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат. Ал эми силердин чачыңардын ар бир талы саналуу. Ошондуктан коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар» (Матай 10:29—31).

Көбүбүз эле кичинекей чымчыктардын ар бирине көңүл бура бербейбиз. Ал эми алардын биринин «жерге түшкөнүн» дегеле элес албайбыз. Асмандагы Атабыз болсо ар бир чымчыкты байкап турат! Бирок чымчыктар, атүгүл көп сандагы чымчыктар да ал үчүн адамдардай баалуу эмес. Андыктан: «Кудай мага көңүл бурбайт»,— деп «коркпогула». Ал силерге терең кызыгуу менен көз салып турат!

Кудай жыргалчылыгыбызга кызыкдар жана бизге мээримдүүлүк менен көз салып турат

Ыйык Китеп бизди эмнеге ынандырат?

  • «Жахабанын көзү бардык жерде: ал жамандарды да, жакшыларды да көрүп турат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 15:3).

  • «Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын зар-муңун угат» (ЗАБУР 34:15).

  • «Сенин мээримдүүлүгүңө кубанам да, шаттанам, анткени тарткан азабымды көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң» (ЗАБУР 31:7).

«ЖАХАБА МЕНИ СҮЙБӨГӨНДӨЙ... СЕЗИЛЧҮ»

Кудайдын жыргалчылыгыбызга кызыкдар экенин, мээримдүүлүк менен көз салып турарын билгенибиз бизге таасир этеби? Албетте. Муну Англияда жашаган Аннанын * сөздөрү ырастап турат.

Ал мындай дейт: «Жахаба мени сүйбөгөндөй, тиленүүлөрүмө жооп бербегендей сезилген учурлар аябай көп болчу. Ишенимимдин жетишсиздигинен улам ушундай болуп жатат деген ойлор келчү. Мен баалуу болбогондуктан Кудай мени ушинтип жазалап жатат же мага көңүл бурбай жатат деп ойлочумун. Кудай мага кам көрбөгөндөй сезиле берчү».

Азыр Анна Жахабанын ага көңүл бурарына, аны сүйөрүнө шектенбейт. Эмне үчүн? Ал мындай деп түшүндүрөт: «Ой жүгүртүүм бара-бара өзгөрдү. Мындан көп жыл мурун Исанын куткаруу курмандыгы жөнүндө айтылган, Ыйык Китепке негизделген бир баяндама мага күчтүү таасир этип, Жахабанын мени жакшы көрөрүнө ынандырган. Тиленүүлөрүмө жооп алганда Жахабанын сүйүүсүн сезип, ыйлаган учурларым көп болот. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдөөнүн, жолугушууларга катышуунун аркасында Жахаба жөнүндө, анын касиет-сапаттары, бизге карата туйган сезимдери тууралуу көп нерсени билдим. Азыр Жахабанын баарыбызды жакшы көрөрүн, колдоорун жана ар бирибизге жекече кам көргүсү келерин айкын түшүнөм».

Аннанын айтып бергендери абдан бекемдээрлик. Кудай силердин сезимдериңерди түшүнөт, эске алат. Буга ынанууга эмне жардам берет? Кийинки макалада ушул суроого жооп берилет.

^ 3-абз. Төрөттөн кийинки депрессияга чалдыккан айрым энелерге баласына мээримин төгүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок алар өздөрүн күнөөлөбөшү керек. АКШдагы Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институттун билдирүүсүнө ылайык, эне төрөттөн кийинки депрессияга кайсы бир нерсени кылганы же кылбай койгону үчүн эмес, организмине жана эмоциялык абалына байланышкан себептерден улам кабылат. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн төмөнкү журналды карагыла: «Ойгонгула!», 2003-жыл, июль—сентябрь, «Төрөттөн кийинки депрессия. Түшүнүү менен мамиле кылуу» деген макала.

^ 5-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).

^ 15-абз. Бул журналдагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.