Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жек көрүүчүлүктү жеңе алабыз!

Жек көрүүчүлүктү жеңе алабыз!

Жек көрүндү болдуңар беле?

Өзүңөр туш болбосоңор да, жек көрүүчүлүккө жаткан иштерге күбө болгондурсуңар. Жаңылыктын баары расизм, гомофобия (жынысы үчүн жек көрүү) жана ксенофобия (улуту үчүн жек көрүү) жөнүндөгү маалыматтарга жык толду. Ошол үчүн көп мамлекеттер жек көрүүчүлүк менен коштолгон кылмыштарга каршы мыйзамдарды чыгарып жатышат.

Жек көрүүчүлүк жек көрүүчүлүктүн отун ого бетер тутантат. Себеби мындан жапа чеккендер көп учурда өч алганга аракет кылышат. Ошентип, бул чынжыр сыяктуу уланып кете берет.

Балким, силер бейкалыстыкка, шылдыңга кабылгандырсыңар. Же бирөө силерди сөзү менен кордогондур, же опузалагандыр. Бирок жек көрүүчүлүк ушундай иштер менен токтоп калбайт. Көп учурда мындай сезимге уулангандар мыкаачылыкка чейин барышат. Маселен, кимдир бирөөнүн мүлкүнө зыян келтиришет, өзүн кодулашат, кол салышат, зордукташат, өлтүрүшөт, атүгүл кайсы бир улутту тукум курут кылып салгандан кайра тартышпайт.

Бул журналда төмөнкү суроолорго жооп берилет жана жек көрүүчүлүктү кантип жеңсе болору айтылат:

  • Эмне үчүн жек көрүүчүлүк күндөн күнгө кулач жайып жатат?

  • Жек көрүүчүлүктүн айлампасынан кантип чыгабыз?

  • Адамдар бири-бирин жек көрбөй турган заман келеби?