Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Шайтан кимби же эмнеби?
ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?
Рух
Адамдын ичиндеги жамандык
Ойдон чыгарылган бирөө
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Шайтан Иса Машаяк менен сүйлөшүп, аны азгырууга аракет кылган (Матай 4:1—4). Ал ойдон чыгарылган бирөө эмес, жөн эле жамандык да эмес. Ал — арам ойлуу каардуу рух.
ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?
Шайтан башында жакшы периште болгон, бирок «чындыктан четтеп кеткен» (Жакан 8:44). Ал жалганчы болуп калган жана Кудайга каршы чыккан.
Шайтан тарапка башка периштелер да өтүп кеткен (Аян 12:9).
Шайтан адамдарды өзүнүн жок экенине ишендиргиси келет (2 Корунттуктар 4:4).
Шайтан бизди башкара алабы?
АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Кээ бирлер Шайтан жана жин-перилер адамга таасир эте аларына ишенбейт, башкалар болсо адамды бийлеп алат деп коркот. Силер кандай ойдосуңар?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
«Биз... бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз» (1 Жакан 5:19). Шайтандын жалпы адамзатка тийгизген таасири абдан күчтүү болсо да, бул ал ар бир адамды башкара алат дегенди билдирбейт.
ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?
Шайтан таасирин күчөтүш үчүн калпты колдонот (2 Корунттуктар 11:14).
Жин-перилер айрым учурларда адамдарды бийлеп алышат (Матай 12:22).
Кудайдын жардамы менен «Ибилиске каршы турса» болот (Жакып 4:7).