Мындан ары да «бир туугандык сүйүү» көрсөтө берели!
«Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун» (ЕВР. 13:1).
ЫРЛАР: 72, 119
1, 2. Пабыл еврей ишенимдештерине эмне үчүн кат жазган?
БИЗДИН ЗАМАНДЫН 61-жылы Ысрайыл жериндеги Иса Машаяктын жолдоочулары салыштырмалуу тынч күндөрдү өткөрүп жаткан. Элчи Пабыл Римде түрмөдө отурса да, жакында бошотуларына үмүттөнгөн. Анын шериги Тиметейдин камактан бошотулганына аз эле болгон. Алар Жүйүт жериндеги ишенимдештерине барууну ойлонуштуруп жатышкан эле (Евр. 13:23). Бирок беш эле жылдан кийин, Иса пайгамбар алдын ала айткандай, Иерусалимди «аскер кошуундары курчап алмак». Ошондо Жүйүт аймагындагы жана айрыкча, Иерусалимдеги ишенимдештерибизге чечкиндүү иш-аракет кылууга туура келмек. Анткени Иса аларга ал окуялардын башталганын көргөндө дароо качышы керектигин эскерткен болчу (Лк. 21:20—24).
2 Исанын ошол пайгамбарлыкты айтканына 28 жыл болуп калган. Анын Ысрайылда жашаган жолдоочулары көптөгөн сыноолорду баштан кечирип, куугунтукка кабылып, ишенимдүүлүгүн сактап келатышкан (Евр. 10:32—34). Анткен менен Пабыл алдыда алардын ишенимин сынай турган чоң сыноо болорун билген (Мт. 24:20, 21; Евр. 12:4). Ал бир туугандардын алдыдагы кыйынчылыктарга даяр болушун каалаган. Өмүрүнөн айрылып калбаш үчүн аларга туруктуулук жана бекем ишеним керек болчу. (Оку: Еврейлер 10:36—39.) Ошондуктан Жахаба ыйык руху аркылуу Пабылга сүйүктүү бир туугандарына кат жазууга түрткү берген. Азыр Еврейлер китеби деп белгилүү болгон ал кат Исанын жолдоочуларынын ишенимин бекемдеп, алдыдагы сыноолорго даярдоо үчүн жазылган.
3. Еврейлер китебинде жазылгандарга эмне үчүн маани беришибиз керек?
3 Пабылдын 1-кылымдагы еврей ишенимдештерине жазган сөздөрүнө баарыбыз маани беришибиз керек. Эмне үчүн? Анткени биз да алардыкындай эле жагдайдабыз. Ушул «өзгөчө оор мезгилде» Жахабанын эли ар кандай каршылыктарга жана куугунтуктарга кабылып келет (2 Тим. 3:1, 12). Мунун аркасында алар Кудайга болгон берилгендигин, ишенимин айкын көрсөтүүдө. Албетте, азыр көптөрүбүз катуу куугунтукталбай, салыштырмалуу тынч жашап жатабыз. Бирок жакында, Пабылдын күндөрүндөгү Машаяктын жолдоочуларындай эле, ар бирибиз ишенимибиздин сапаты текшериле турган чоң сыноого туш болобуз! (Оку: Лука 21:34—36.)
4. 2016-жылдын аяты кайсы жана эмне үчүн ошол аяттын тандалганы орундуу десек болот?
4 Жакында боло турган окуяларга даяр болууга бизге эмне жардам берет? Еврейлер китебинде Пабыл ишенимибизди бекемдөөгө жардам бере турган көптөгөн маанилүү нерселерди айтып өткөн. Алардын бири каттын акыркы бөлүмүнүн биринчи аятында жазылган. «Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун»,— деген сөздөрдү камтыган ал аят 2016-жылдын аяты катары тандалды (Евр. 13:1).
2016-жылдын аяты: «Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун» (Еврейлер 13:1).
БИР ТУУГАНДЫК СҮЙҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?
5. Бир туугандык сүйүү деген эмне?
5 Бир туугандык сүйүү көрсөтүү деген эмнени билдирет? Пабыл колдонгон филаделфиа деген грек сөзү түзмө-түз «бир тууганга болгон ынактык» деген маанини туюнтат. Бир туугандык сүйүү өз ичине үй-бүлө мүчөлөрү же жакын достор бири-бирине көрсөткөн күчтүү, жылуу сезимдерди камтыйт (Жкн. 11:36). Биз жөн эле бир туугандардай болуп көрүнүп койбойбуз, биз чындап эле бир туугандарбыз (Мт. 23:8). Пабыл: «Бир туугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деген (Рим. 12:10). Бул сөздөрдөн бири-бирибизге болгон сезимдерибиз канчалык күчтүү экени көрүнүп турат. Бир туугандык сүйүү принциптерге негизделген агапи сүйүүсү менен бирге Кудайдын элинин биримдигин арттырууда.
6. Жахабанын кызматчылары кимдерди бир тууган деп эсептешет?
6 Бир окумуштуу айткандай, «бир туугандык сүйүү» деген термин, негизинен, христиандардын адабияттарында гана кездешет. Байыркы жүйүттөр «бир тууган» деген сөз айкашын кээде жакын тууганы болбогон башка бирөөлөргө карата деле колдоно беришчү, бирок бөлөк улуттагы кишиге карата колдонушчу эмес. Ал эми Жахабанын кызматчылары бардык ишенимдештерин, алар кайсы улуттан болбосун, бир тууган деп эсептешет (Рим. 10:12). Жахаба бири-бирибизди бир туугандар катары сүйүүгө үйрөтүп келет (1 Тес. 4:9). Бир туугандык сүйүүбүздү мындан ары да көрсөтө бергенибиз эмне үчүн маанилүү?
БИР ТУУГАНДЫК СҮЙҮҮНҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАН АРЫ ДА КӨРСӨТӨ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК?
7. а) Бир туугандык сүйүү көрсөтүшүбүз керектигинин эң маанилүү себеби кайсы? б) Дагы кайсы себептен улам бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү арттырышыбыз керек?
7 Бир туугандарга сүйүү көрсөтүүнү бизден Жахаба талап кылат. Бул — бир туугандык сүйүү көрсөтүшүбүз керектигинин 1 Жкн. 4:7, 20, 21). Биз бири-бирибизге керек болгондуктан да сүйүү көрсөтөбүз. Өзгөчө, кыйынчылыктарга туш болгондо бири-бирибиздин жардамыбызга абдан муктаж болобуз. Пабыл еврей ишенимдештерине кат жазганда алардын айрымдарына жакында үйүнөн, мал-мүлкүнөн баш тартууга туура келерин билген. Иса Машаяк ал күндөрдүн канчалык оор болорун айтып кеткен болчу (Мр. 13:14—18; Лк. 21:21—23). Ошондуктан анын жолдоочулары бири-бирине болгон сүйүүсүн ого бетер арттырышы керек эле (Рим. 12:9).
негизги себеби. Эгер бир туугандарыбызды сүйбөсөк, Кудайды сүйөм деп айта албайбыз (8. Улуу алаамат башталганга чейин эмне кылышыбыз керек?
8 Жакында адамзат тарыхында болуп көрбөгөн улуу алаамат болот (Мр. 13:19; Аян 7:1—3). Ошондо ыйык рухтун жетеги менен: «Бар, элим, төркү бөлмөлөрүңө кирип, артыңан эшикти жаап ал. Каар басылгыча, бир азга жашына тур»,— деп жазылган кеңешке ылайык иш кылышыбыз керек болот (Ыш. 26:20). Ал «төркү бөлмөлөр» жыйналыштарыбыз менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ал жактан биз ишенимдештерибиз менен бирге Жахабага сыйынабыз. Бирок дайыма чогулуп турганыбыз жетишсиз. Пабыл еврей ишенимдештерине: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деп жазган (Евр. 10:24, 25). Ооба, биз бир туугандарыбызга азыр сүйүү өрчүтүшүбүз керек. Ошентсек, келечекте кандай кыйынчылык-сыноолорго туш болбойлу, аларды көтөрүп кетүү жеңилирээк болот.
9. а) Бир туугандарыбызга сүйүү көрсөтүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар? б) Жахабанын эли бири-бирине кантип сүйүү көрсөткөнү тууралуу окуя айтып бергиле.
9 Бир туугандардын сүйүүсүнө биз азыртадан эле, улуу алаамат башталганга чейин эле, муктаж болуудабыз. Учурда көптөгөн ишенимдештерибиз жер титирөөдөн, суу ташкынынан, бороон-чапкындан, цунамиден же табигый кырсыктардын дагы башка түрлөрүнөн жапа чегүүдө. Кээ бирөөлөр каршылыктарга, куугунтукка кабылууда (Мт. 24:6—9). Ыймансыздык кулач жайган дүйнөдө жашап жаткандыктан айрымдар экономикалык жактан кыйналып жатышат (Аян 6:5, 6). Анткен менен бир туугандарыбыз кыйынчылыктарга канчалык көп кабылган сайын, аларга сүйүү көрсөтүүгө ошончолук көп мүмкүнчүлүгүбүз болот. «Көбүндө сүйүүнүн илеби кайтып» баратса да, мындан ары да бир туугандык сүйүү көрсөтө беришибиз зарыл (Мт. 24:12). [1]
КАНТКЕНДЕ МЫНДАН АРЫ ДА БИР ТУУГАНДЫК СҮЙҮҮНҮ ӨРЧҮТӨ БЕРЕБИЗ?
10. Азыр эмнени карап чыгабыз?
10 Ар кандай кыйынчылыктарга карабай канткенде мындан ары да бир туугандык сүйүүнү өрчүтө беребиз? Бир туугандарыбызды сүйөрүбүздү кандай жолдор менен көрсөтсөк болот? Элчи Пабыл: «Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун»,— деп айткандан кийин, ошондой сүйүү көрсөтүүнүн бир нече жолун санап өткөн. Келгиле, азыр алардын алтоосун карап чыгалы.
11, 12. Меймандос болуу деген эмнени билдирет? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла).
11 «Меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла». (Оку: Еврейлер 13:2.) «Меймандостук» деп которулган түп нускадагы сөз «чоочундарга боорукердик көрсөтүү» дегенди билдирет. Бул сөздөр Ыбрайым жана Лот пайгамбарларды эсибизге салат. Экөө тең өздөрү тааныбаган жолоочуларга боорукердик көрсөтүшкөн. Кийин ал жолоочулардын периштелер экени айкын болгон (Башт. 18:2—5; 19:1—3). Пабыл ишенимдештерин меймандостук аркылуу бир туугандык сүйүү көрсөтүүгө үндөгөндө ушул эки пайгамбарды мисал кылган.
12 Биз тууралуу эмне айтууга болот? 3 Жкн. 5—8). Меймандос болуш үчүн абдан көп нерселерди жасоонун же чоң чыгым болуунун кажети жок. Ошондой эле өзүбүздү кийин кайра конокко чакыра ала тургандарды гана чакыра бербейбиз (Лк. 10:42; 14:12—14). Биздин максатыбыз — башкаларды таасирлентүү эмес, бекемдөө! Күнүмдүк турмуш менен алпурушуп, ишибиз чачтан көп болгонуна карабай, «меймандостук көрсөтүүнү унутпаганыбыз» кандай гана маанилүү!
Башкаларды тамакка же пикир алышууга чакырып, меймандостук көрсөтөбүзбү? Райондук көзөмөлчү менен анын жубайын жакшы билбесек да, аларды чакырганга аракет кылабызбы? (13, 14. Түрмөдө отургандарды канткенде эсибизден чыгарбайбыз?
13 «Түрмөдө отургандарды... эсиңерден чыгарбагыла». (Оку: Еврейлер 13:3.) Пабыл түрмөдө отурган бардык адамдар тууралуу эмес, ишеними үчүн камакка алынган бир туугандар тууралуу сөз кылган. Еврей ишенимдештерине кат жазганда анын өзүнүн да түрмөдө отурганына төрт жылдай болуп калган (Флп. 1:12—14). Ал ишенимдештерин «түрмөдө отургандарга боорукердик көрсөткөнү» үчүн мактаган (Евр. 10:34). Бирок Пабылга жекече жардам көрсөтө алган бир туугандардан айырмаланып, жүйүт ишенимдештери Римден алыс жакта жашашчу. Анда алар кантип аны эстеринен чыгарбайт эле? Алар ал үчүн жалындуу тилене алышмак (Евр. 13:18, 19).
14 Бүгүнкү күндө биз да камакка алынган бир туугандардан алыс жакта жашашыбыз мүмкүн. Андыктан аларга түрмөгө жакын жерлерде жашаган ишенимдештерибиздей болуп жекече жардам көрсөтө албашыбыз ыктымал. Ошентсе да Кудайга берилген ал ишенимдештерибизди дайыма эсибизден чыгарбай, алар үчүн жалындуу тиленсек, бир туугандык сүйүүбүздү көрсөтө алабыз. Алсак, Эритреяда камакка алынган ишенимдештерибиз менен балдар үчүн тиленсек болот. Алардын ичинде 20 жылдан ашык убактан бери түрмөдө отурган Паулос Ияссу, Исаак Могос жана Негеде Теклемариам бир туугандар да бар.
15. Никебизди баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?
15 «Баары никени баалашсын». (Оку: Еврейлер 13:4.) Биз адеп-ахлак жактан таза бойдон калуу менен да бир туугандык сүйүү көрсөтө алабыз (1 Тим. 5:1, 2). Эгер кимдир бирөө ишенимдеши менен же анын үйүндөгүлөрүнүн бири менен бузуктук кылып, «анын укугуна кол салса», Кудайдын элинин ортосундагы бир туугандык сүйүүгө шарт түзгөн ишенимге доо кетирет (1 Тес. 4:3—8). Ошондой эле жубайы күйөөсүнүн порнография көрүп, ишенимсиздик кылганын билип калса, анын кандай сезимде болорун ойлоп көрсөңөр. Күйөөнүн андай иши аялын сүйөрүн жана никени баалаарын көрсөтөбү? (Мт. 5:28).
16. Колубузда болгон нерсеге ыраазы болуу кандайча бир туугандык сүйүү көрсөтүүгө жардам берет?
16 «Колуңарда болгонуна ыраазы болгула». (Оку: Еврейлер 13:5.) Эгер Жахабага толук таянсак, колубузда болгон нерсеге ыраазы болобуз. Бул материалдык нерселерге карата тең салмактуу көз карашта болууга жардам берет (1 Тим. 6:6—8). Натыйжада Жахаба менен болгон мамилебиз жана бир туугандарыбыз байлык-мүлктөн алда канча баалуу экенин түшүнөбүз. Колунда болгон нерсеге ыраазы болгон киши жашоосуна нааразы болбойт, ишенимдештеринен кыйкым издеп, кейип-кепчий бербейт, бир туугандык сүйүүнүн өркүндөшүнө бөгөт койгон ач көздүктөн, көрө албастыктан алыс болот. Ошондой эле берешен болууга умтулат (1 Тим. 6:17—19).
17. Кайраттуулук кандайча бир туугандык сүйүү көрсөтүүгө көмөк кылат?
17 «„Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм...“ — деп кайраттуулук менен айта алабыз». (Оку: Еврейлер 13:6.) Жахабага таянсак, кандай кыйынчылыктарга кабылбайлы, кайраттуу болобуз. Кайраттуулук оң маанай сактоого көмөк кылат. Ал эми дайыма оң маанай сактасак, ишенимдештерибизди бекемдеп, жубатып, бир туугандык сүйүү көрсөтөбүз (1 Тес. 5:14, 15). Андан тышкары, улуу алааматта дүйнөнүн башына каран түн түшкөндө да, куткарыларыбызга аз калганын унутпай, боюбузду түзөп, башыбызды көтөрөбүз (Лк. 21:25—28).
18. Канткенде аксакалдарыбызды ого бетер жакшы көрүп калабыз?
18 «Араңарда жетекчиликти колго алгандарды... унутпагыла». (Еврейлер 13:7, 17.) Аксакалдардын биз үчүн эч кандай акы албай, күжүрмөн эмгектенип жатканы тууралуу ойлонсок, аларды ого бетер жакшы көрүп, баалап калабыз. Биз кылган иштерибизден улам алардын «үшкүрүнүшүн» же кубанычын жоготушун такыр каалабайбыз. Тескерисинче, момундук менен баш ийип, «аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө урматтап», сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (1 Тес. 5:13).
БИР ТУУГАНДЫК СҮЙҮҮБҮЗДҮ АРТТЫРА БЕРЕЛИ
19, 20. Бир туугандык сүйүү көрсөтүү жагынан жакшыра берүүгө эмне жардам берет?
19 Жахабанын эли көпчүлүккө сүйүүсү менен белгилүү. Пабылдын күндөрүндө да ушундай болчу. Бирок ал ишенимдештерин «бул жагынан дагы да ийгилик кыла берүүгө үндөгөн» (1 Тес. 4:9, 10). Ырас, бир туугандарга сүйүү көрсөтүү жагынан дайыма жакшыра беришибиз керек.
20 Келгиле, бир жыл бою жылдык аятты көргөн сайын мындай деп ой жүгүртүп туралы: «Дагы көбүрөөк меймандостук көрсөтө аламбы? Түрмөдө отурган бир туугандарга кантип жардам бере алам? Кудай негиздеген нике түзүлүшүн жогору баалаарымды көрсөтүп жатамбы? Колумда болгон нерсеге ыраазы болууга эмне жардам берет? Жахабага толук таяныш үчүн дагы эмне кылсам болот? Жетекчиликти колго алгандарга ар дайым баш иемби?» Эгер ушул алты суроо тууралуу ой жүгүртүп, жакшырганга аракет кыла берсек, жылдык аят биз үчүн тек гана Падышалык залындагы дубалда илинип турган жазуу болбой: «Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун»,— деген сөздөргө ылайык иш кылууга түрткү берип турат (Евр. 13:1).
^ [1] (9-абзац) Кыйын кезеңдерде Жахабанын Күбөлөрү бири-бирине кантип сүйүү көрсөткөнү тууралуу 2002-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 8, 9-беттерин жана «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» китебинин 20-бөлүмүн окуп көргүлө.