ӨМҮР БАЯН
Бай рухий мурасым чындык жолунда гүлдөп-өскөнгө жардам берди
ЧЫЛК караңгылык каптаган түн. Биз туурасы 1 километр 600 метрдей болгон күр-шар аккан Нигер дарыясынын жээгинде турабыз. Нигерияда жарандык согуш күч алып турган кез. Андыктан дарыянын аркы өйүзүнө өтсөк, тирүү каларыбыз күмөн. Ошого карабай өмүрүбүздү бир нече жолу тобокелге салууга туура келген. Ушундай жагдайга кантип туш болуп калгам? Анда эмесе, сөзүмдү мен жарык дүйнөгө келгенге чейин болгон окуялардан баштайын.
Атам Жон Миллс 1913-жылы 25 жашында Нью-Йорк шаарында чөмүлүптүр. Ал жыйында чөмүлө тургандарга арналган баяндаманы Расселл бир тууган айткан экен. Көп өтпөй атам Тринидад аралына барыптыр. Ал жактан ынталуу Ыйык Китеп Изилдөөчү болгон Констанса Фармерге үйлөнгөн экен. Атам Уильям Браун * деген досуна, ал 1923-жылы Батыш Африкага көчүп кеткенге чейин, «Жаратуу фотодрамасын» элге көрсөткөнгө көмөк кылыптыр. Атам да, апам да асманда жашоого үмүттөнчү. Алар Тринидадда андан ары кызматын уланта беришиптир.
АТА-ЭНЕБИЗДИН МЭЭРИМИ
Ата-энем тогуз балалуу болгон. Алар Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун ошол учурдагы президенти Жозеф Рутерфордду урматтагандыктан тун уулунун ысмын Рутерфорд деп коюшуптур. Анан 1922-жылы 30-декабрда мен жарык дүйнөгө келдим. Мага болсо Вудвортс деген ат коюшкан. Клейтон Вудвортс ошол кезде «Алтын кылым» (азыр «Ойгонгула!») журналына чыга турган макалалардын даярдалышына жооптуу болчу экен. Ата-энебиз баарыбыздын тең орто мектепте окушубузга кам көрүшкөн. Бирок алар биринчи кезекте рухий максаттарга умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп турушчу. Апамдын Ыйык Китептин негизинде ынанымдуу талкуу жүргүзүү жагынан өзгөчө жөндөмү бар болчу. Атам болсо, Ыйык Китептеги окуяларды айкын элестете алышыбыз үчүн, аларды жандуу кылып, бүт тулку боюн катыштырып айтып бергенди жакшы көрө турган.
Ата-энемдин эмгегинин акыбети кайтпай койгон жок. Уулдарынын үчөө Гилат мектебинен билим алдык. Кыздарынын үчөө болсо Тринидад жана Тобаго өлкөсүндө бир топ жыл бою пионер болуп кызмат кылышты. Ата-энем таалим-тарбия берип, жакшы үлгү көрсөтүү менен бизди көчөт сымал «Жахабанын үйүнө» отургузушту. Алардын дем-шык берип турганы бизге «Кудайыбыздын короолорунан» чыкпай, ал жакта гүлдөп-өскөнгө жардам берди (Заб. 92:13).
Үйүбүз кабар айтуу ишинин чордонуна айланып
калган. Биздикине пионерлер үзбөй келе турган. Алар Тринидадга келип кеткен канадалык миссионер Жорж Янг бир тууган тууралуу көп кеп кылышчу. Ата-энем болсо мурда тыгыз кызматташып калган, ошол учурда Батыш Африкада кызмат кылып жүргөн Уильям Браун бир тууган менен анын аялы тууралуу күйүп-жанып айтып беришчү. Ушунун баары мага он жашыман тартып кабар айтуу ишине катыша баштоого түрткү берген.КЫЗМАТТАГЫ АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАРЫМ
Ал кезде журналдарыбызга жалган динди, алкымы чоң коммерцияны, бузулган саясатты ачыктан-ачык ашкерелеген макалалар көп чыга турган. Буга жаалданган дин кызматчылар 1936-жылы Тринидад өкмөтүн Күзөт мунарасы коомунун бардык адабияттарына тыюу салууга тукурган. Биз адабияттарды жашырып, түгөнгүчө акырын колдоно бердик. Плакаттарды алды-артыбызга илип алып, жөө жана велосипед менен маалымат баракчаларын таратып кабар айтчубуз. Тунапуна шаарынан үн күчөткүч орнотулган машинеси менен келген бир туугандарга кошулуп, Тринидаддын алыскы аймактарына чейин күбөлөндүргөнү барчубуз. Ошентип, далай кызыктуу күндөр өттү. Рухийликти көздөгөн ошондой бир туугандардын курчоосунда жүргөндүктөн 16 жашымда чөмүлдүм.
Үй-бүлөмдүн рухий мурасынан жана ошол жылдардагы кызыктуу окуялардан улам миссионер болсом деген каалоом өрчүгөн. 1944-жылы Аруба аралына көчүп барып, Эдмунд Каммингс бир тууган менен кызматташа баштадым. Ошол убакта да ал каалоом өчкөн жок. Эдмунд бир тууган экөөбүз 1945-жылы Эскерүү кечесине 10 киши чакыра алганыбызга төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Кийинки жылы ошол аралда алгачкы жыйналыш уюшулду.
Ошондон көп өтпөй эле чогуу иштешкен Орис Уллиямс деген кызга расмий эмес күбөлөндүрүп калдым. Орис мен айткандарга каршы болуп, өзү ишенип келген диний окууларды катуу жактап жатты. Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында ал анда чындап эмне делерин билди. Натыйжада 1947-жылдын 5-январында чөмүлдү. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз бири-бирибизди сүйүп калып, баш коштук. Орис 1950-жылы ноябрда пионердик кызматка киришти. Аны менен чогуу түтүн булаткандан тартып жашоодон жаңыча кубаныч ала баштадым.
НИГЕРИЯДАГЫ КЫЗЫКТУУ КЫЗМАТЫБЫЗ
1955-жылы Гилат мектебинин 27-классына чакырылдык. Ошондуктан Орис экөөбүз жумуштан бошонуп, үйүбүздү, буюм-тайымдарыбызды сатып, даярдык көрө баштадык. Ошентип, Аруба аралы менен кош айтыштык. Гилат мектебин 1956-жылы 29-июлда аяктап, Нигерияга дайындалдык.
Орис мурунку күндөрдү эстеп, мындай деген: «Жахабанын руху миссионердик кызматтын ысык-суугуна ылайыкташып кеткенге жардам берет. Күйөөмдөн айырмаланып, мен эч качан миссионер болгум келчү эмес. Бир жерге отурукташып, бала-бакыралуу болууну каалачумун. Бирок кабар айтуу ишинин шашылыш экенин түшүнгөндө ой жүгүртүүмдү өзгөрттүм. Гилатты бүтүрөр маалда миссионер болууга аябай чечкиндүү болуп калгам. „Куин Мэри“ деген чоң кемеге отуруп жатканыбызда, Нейтан Норрдун кеңсесинде кызмат кылган Ворс Торнтон бир тууган: „Сапарыңар байсалдуу болсун“,— деди. Анан Бейтелде кызмат кыларыбызды айтты. Муну укканда бир аз көңүлүм чөгө түштү, бирок дароо оюмду өзгөрттүм. Бара-бара Бейтелди жакшы көрүп калдым. Ал жактан кызматтын ар кандай түрлөрүн аркаладым. Адамдарды аябай жакшы көргөндүктөн мага баарынан да кабылдамада иштеген жакчу. Бул кызматтын аркасында көп нигериялык бир туугандар менен таанышканга мүмкүнчүлүк болду. Көптөрү буту-башы чаң болуп, чарчап, чаңкап, ачка болуп келишчү. Алардын өзөк жалгап, бир аз сергип алышына кам көрө алганыма сүйүнүп калчумун. Мунун баарын Жахабага кылган ыйык кызматым катары көрчүмүн жана бул мага канааттануу, бакыт тартуулачу». Ооба, ар бир дайындообуз бизге рухий жактан гүлдөп-өскөнгө жардам берди.
Үй-бүлөбүз менен 1961-жылы Тринидадда чогулганыбызда, Уильям Браун Африкада болгон жүрөк толкуткан окуяларын кеп кылып берди. Ал эми мен Нигериядагы өсүш тууралуу айтып бердим. Уильям мени ичи эзиле кучактап, атама: «Жонни, мына, сен барбаган Африкага Вудвортс барды!» — деп айтты. Ошондо атам мага: «Ушунуңан жазба, Вуди, эч качан жазба!» — деди. Рухий жактан жетилген ушундай алптардын бекемдээрлик сөздөрү мага кызматымды майын чыгара аткара бергенге дем-шык берди.
1962-жылы Гилат мектебинин 37-классына чакырылып, кошумча билим алуу сыймыгына ээ болдум. Окуу он айга созулду. Нигериядагы филиалдын көзөмөлчүсү болгон Вилфред Гуч бир тууган Гилат мектебинин 38-классын бүтүрүп, Англияга дайындалды. Ошондуктан Нигериядагы филиалды көзөмөлдөө жоопкерчилиги мага тапшырылды. Браун бир туугандан үлгү алып, Нигерияны түрө кыдырдым. Мунун аркасында жергиликтүү бир туугандар менен жакыныраак * деп аталган, капталдары ачык автобустар менен келе турган. Ошол автобустардын көбүнө бүйүрдү кызыткан ураандар жазылган эле. Алардын биринде: «Майда тамчылардан чалкыган океан жаралат»,— деп жазылган болчу.
таанышып, аларды аябай жакшы көрүп калдым. Нигериядагы бир туугандар өнүккөн өлкөлөрдө жашагандарга көнүмүш болгон нерселердин көбүнө жетчү эмес. Алардын ошого карабай кубанып жүргөнү, колунда болгонуна топук кылганы маңыздуу жашоо акчадан же дүнүйө-мүлктөн көз каранды эмес экенин далилдеп турчу. Жагдай-шарты начар болсо да, жолугушууларга таза, тыкан, жакшынакай болуп келгенине аябай баа берчүбүз. Көбү жыйындарга жүк ташуучу унаалар жана жергиликтүү эл жасаган болекажасБул ураан кандай гана ылайыктуу болгон! Кудайдын ар бир кызматчысынын эмгеги абдан маанилүү болчу, биз да өз салымыбызды кошо алдык. Ошентип, Кошмо Штаттарды эсепке албаганда, 1974-жылы Нигерия жарчылардын саны 100 000ге жеткен алгачкы өлкө болду. Ырас, кабар айтуу иши укмуштуудай жемиш берген!
Жарчылардын саны күн санап өсүп жаткан ошол маалда 1967-жылы Нигерияда жарандык согуш тутанып, 1970-жылга чейин созулган. Нигер дарыясынын аркы өйүзүндөгү Биафрадагы ишенимдештерибиз филиал менен бир канча ай бою байланыша албай калган. Эч нерсеге карабай аларга рухий тамак жеткиришибиз керек болду. Ошондуктан, сөзүмдүн башында айткандай, Жахабадан тиленип, ага таянып, дарыяны бир нече жолу кесип өткөнбүз.
Нигер дарыясы аркылуу жасаган ошондой үрөй учурган сапарларыбыз күнү бүгүнкүдөй эсимде. Биз өлтүрүүдөн кайра тартпаган жоокерлердин колунан, оорудан же дагы башка кооптуу жагдайлардан набыт болушубуз мүмкүн эле. Баарына шектүү караган мамлекеттик жоокерлердин арасынан өтүү опурталдуу болчу. Бирок дарыянын ары жагындагы козголоңчулар андан да коркунучтуу эле. Бир жолу түн ичинде агымы катуу Нигер дарыясын Асаба шаарынан Онича шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган кайык менен кесип өтүп, Энугу шаарындагы жооптуу бир туугандарды бекемдегени бардым. Дагы бир жолу аксакалдарга дем-күч бериш үчүн Аба шаарына бардым. Анын тургундарына, душмандар көрө албашы үчүн, кечкисин жарыктын баарын өчүрүшү керектиги буйрук кылынган болчу. Башка жолкусунда Порт-Харкорт деген шаарда жолугушуу өткөрүп жатканбыз. Анча алыс эмес жерде мамлекеттин аскерлери Биафранын козголоңчуларына чабуул жасады. Ошондо жолугушууну шашылыш түрдө тиленүү менен бүтүрүүгө туура келди.
Сүйүктүү бир туугандарыбызды Жахабанын аларга кам көрөрүнө ынандырыш үчүн жана бейтараптуулукка, биримдикке байланыштуу алар зар болуп турган кеңештерди бериш үчүн ошондой жолугушууларды өткөрүү абдан маанилүү болгон. Нигериялык бир туугандарыбыз ошол кандуу кармаш учурунда туруктуу бойдон калышты. Алар сүйүүнүн уруу арасындагы жек көрүүчүлүктөн алда канча күчтүү экенин далилдеп, Исанын жолдоочуларынын ортосундагы биримдикти сактай алышты. Ошондой коогалаңдуу мезгилде бир туугандарымдын жанында болуу мен үчүн зор сыймык болду!
1969-жылы Милтон Хеншель бир тууган Нью-Йорк шаарындагы «Янки» стадионунда өткөрүлгөн «Жер бетиндеги тынчтык» деп аталган эл аралык жыйында төрага болгон. Ага жардам берип жүрүп көп нерсеге үйрөндүм. Бул өз учурунда болуптур, анткени 1970-жылы Нигериянын Лагос шаарында «Кудайдын ырайымына ээ болгондор» деген эл аралык жыйын өткөрүлдү. Жарандык согуш бүткөнүнө аз эле болгондуктан, аны Жахабанын жардамы менен гана өткөрө алдык. Жыйын 17 тилде өтүп, 121 128 киши катышты. Кошмо Штаттардан, Англиядан атайын учак жалдап келген ишенимдештерибиз жана Норр, Хеншель бир туугандар ошол жыйында 3 775 жаңы шакирт кошулганына күбө болушту. Элүүнчү күн майрамынан бери мынчалык көп киши чөмүлө элек болчу. Жыйынды уюштурууга жардам берген ошол күндөрүм өмүрүмдөгү эң эле тыным албай эмгектенген учурум болду окшойт. Ошол убакта өлкөдөгү жарчылардын саны кыска убакыттын ичинде эле дүркүрөп өсүп кетти!
Нигерияда өткөргөн 30 жылдан ашык убакыт аралыгында Батыш Африкада маал-маалы менен кыдыруучу жана зоналык көзөмөлчү катары кызмат кылдым. Миссионерлер жекече көңүл бурганыбызга, бекемдегенибизге абдан ыраазы болушчу. Аларды кылып жаткан эмгеги жогору бааланарына ынандырганда өзүбүз да кубанычка бөлөнчүбүз! Мындан мен бир туугандардын ар бирине көңүл буруу алардын рухий жактан гүлдөп-өсүшүнө жардам берерин жана Жахабанын уюмунун бекем, биримдүү болушуна чоң салым кошорун түшүндүм.
Биз жарандык согуштун, оору-сыркоонун азабын Жахабанын жардамы менен гана көтөрүп кете алдык.
Анын бизге батасын берип жатканы айкын эле көрүнүп турду. Орис мындай деген:«Экөөбүз тең бир нече жолу безгек оорусуна чалдыктык. Бир жолу Вуди ошол оорудан улам Лагостогу ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилди. Мага анын каза болуп калышы мүмкүн экенин айтышты. Бирок, бактыга жараша, жакшы болуп кетти. Эсине келгенде ал өзүнө кам көргөн жана доктурдун жардамчысы болуп иштеген Нуамбиве мырзага Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берип жатты. Вуди ооруканадан чыккандан кийин, ошол кишиге Ыйык Китепке болгон кызыгуусун өстүрүш үчүн барып турдук. Ал чындык жолуна түшүп, кийинчерээк Аба шаарындагы жыйналышка аксакал болуп дайындалды. Көптөргө, анын ичинде динине бек карманган мусулмандарга Жахабанын берилген кызматчысы болууга жардам бере алганыма сүйүнөм. Нигериялык бир туугандар менен жакыныраак таанышып, алардын өзүн, маданиятын, салттарын, тилин жакшы көрүп калдык. Бул да бизге чоң кубаныч тартуулады».
Мен дагы бир маанилүү нерсени түшүндүм: бөтөн тилдеги аймакка дайындалганда, маданияты биздикинен канчалык айырмаланбасын, бир туугандарды жакшы көрүүгө үйрөнүшүбүз керек.
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
Нигериядагы Бейтелде кызмат кылып жүргөндө 1987-жылы Кариб деңизиндеги Сент-Люсия деген ажайып кооз аралга миссионер болуп дайындалдык. Ал жердеги кызмат аябай жакчу, бирок кыйынчылыктар болбой койгон жок. Эркектери көп аял алган Африкадан айырмаланып, Сент-Люсияда көптөр никесин каттатпай эле чогуу жашай беришчү. Бирок Кудайдын зор күчкө ээ болгон Сөзү биз менен изилдеген көптөгөн адамдарга жашоосун өзгөрткөнгө жардам берди.
Жашыбыз өр тартып, каруубуздан күч кеткенде, Жетектөөчү Кеңеш сүйүү көрсөтүп, бизди 2005-жылы Нью-Йорк штатындагы Бруклинден орун алган башкы башкармалыкка дайындады. Ористи бергени үчүн Жахабага күн сайын рахмат айтам. Өкүнүчтүүсү, шум ажал аны 2015-жылы колуман жулуп кетти. Ошондо ичимдин канчалык эңшерилгенин айтып бергенге сөз кубаты жетпейт. Ал мээримдүү, сүйүүмө арзыган, дүйнөдө табылгыс өмүрлүк жар болду. Экөөбүз 68 жыл чогуу өмүр сүрдүк. Ошончо жыл бою ага болгон сүйүүмдүн илеби такыр кайткан жок. Жыйналышта болобу, үй-бүлөдө болобу, бакыттын сыры башчылык тартибин урматтоо, айкөлдүк менен кечирүү, дайыма момун болуу жана рухтун жемишин чагылдыруу экенин түшүндүк.
Көңүл кайттыкка же көңүл чөгөттүккө учураганда багынбай, Жахабадан андан ары да ишенимдүү кызмат кыла берүүгө жардам беришин суранчубуз. Оңолуп, жакшы жакка өзгөрө бериш үчүн күч-аракет жумшачубуз. Уюмубузда бардык нерсе уламдан-улам жакшырып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Алдыда дагы сонун нерселер күтүп турат (Ыш. 60:17; 2 Кор. 13:11).
Жахаба Тринидад жана Тобагодо кызмат кылган ата-энемдин жана башка бир туугандардын эмгегине батасын берди. Акыркы отчётко ылайык, ал жакта 9 892 киши чыныгы Кудайга сыйынып жатат. Арубада мурда мен кызмат кылган алгачкы жыйналышты көптөр колдогондуктан, азыр ал жакта гүлдөп-өсүп жаткан 14 жыйналыш бар. Ал эми Нигериядагы жарчылардын саны 381 398ге жетип, калың эл жаралды. Сент-Люсияда болсо Жахабанын Падышалыгын 783 бир тууган жактап жатат.
Жашым 90дон ашып калды. Забур 92:14тө Жахабанын үйүнө отургузулгандар тууралуу: «Алар чачы агарганда да гүлдөй беришет, күүлүү-күчтүү, сергек бойдон калышат»,— деп жазылган. Өмүрүмдү Жахабага кызмат кылып өткөргөнүмө ушунчалык ыраазымын. Бай рухий мурасым мага убактымдын көбүн Жахабанын кызматына арноого түрткү берип келди. Туруктуу сүйүүсүнөн улам Жахаба мени өзүнүн «короосуна» отургузуп, гүлдөтүп-өстүрдү (Заб. 92:13).