Жан аябас кызматчылар Түркияда
МАШАЯКТЫН 1-кылымдагы жолдоочулары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды мүмкүн болушунча көп кишиге жеткирүү үчүн күжүрмөн эмгектенишкен (Мт. 24:14). Айрымдары атүгүл башка өлкөлөргө чейин барышкан. Алсак, элчи Пабыл өзүнүн миссионердик сапарларында азыркы Түркия жайгашкан аймакка барып, зор күбөлөндүрүү берген *. Андан 2000 жылдай убакыт өткөндөн кийин, 2014-жылы, Түркияда кайрадан кабар таратууга байланышкан атайын өнөктүк өткөрүлгөн. Кандай максат менен? Ага кимдер катышкан?
«ЭМНЕ БОЛУП ЖАТАТ?»
Түркияда 2 800дөн ашык жарчы бар, бирок калкынын саны 79 миллионго жетет. Демек, ал өлкөдө 1 жарчыга 28 000дей киши туура келет. Мындан көрүнүп тургандай, калктын көп бөлүгүнө жакшы кабар жете элек. Ошо себептен атайын өнөктүктүн негизги максаты кыска убакыттын ичинде мүмкүн болушунча көбүрөөк кишиге кабар айтуу болгон. Башка өлкөлөрдөн түркчө сүйлөгөн 550дөй бир тууган келип, жергиликтүү жарчылар менен бирге өнөктүккө катышкан. Натыйжасы кандай болгон?
Кеңири күбөлөндүрүү берилген. Стамбулдагы бир жыйналыш мындай деп жазган: «Бизди көргөндөр: „Кайсы жакка барба, Жахабанын Күбөлөрү жүрөт! Бул жакта, эмне, өзгөчө жыйын болуп жатабы?“ — деп сурап жатышты». Измир шаарындагы бир жыйналыш болсо: «Бир таксист жергиликтүү аксакалдан: „Бул жакта эмне болуп жатат? Ишиңерди кеңейтип жатасыңарбы?“ — деп сураптыр»,— деп жазган. Ооба, өнөктүк баарына байкалган.
Чет өлкөдөн келген бир туугандар өнөктүктөн чоң кубаныч алышкан. Даниялык Стефэн: «Жахаба жөнүндө эч качан укпаган адамдарды күнүгө жолуктуруп жаттым. Жахабанын ысмын көптөргө ачып бергениме сыймыктандым»,— деген. Франциядан барган Жан-Давид мындай деп жазган: «Биз бир эле көчөдө бир нече саат кабар айттык. Укмуш сонун болду! Ал жактагылардын көбү Жахабанын Күбөлөрүн билбейт экен. Дээрлик ар бир эшиктен үй ээси менен маектешип, видеолорубуздун бирин көрсөтүп, адабият калтырып жаттык».
Өнөктүккө катышкан 550 жарчы эки жуманын ичинде эле 60 000дей адабият тараткан!
Өнөктүктүн натыйжасында, чынында эле, кеңири күбөлөндүрүү берилген.Жарчылардын кызматка болгон ынтасы өскөн. Ал өзгөчө иш-чара жергиликтүү бир туугандарга күчтүү таасир эткен. Көптөр толук убакыт кызмат кылуу жөнүндө ойлоно башташкан. Өнөктүктөн кийинки 12 айдын ичинде Түркиядагы үзгүлтүксүз пионерлердин саны 24 пайызга өскөн.
Чет өлкөлүк бир туугандар өнөктүккө катышуунун пайдасын үйүнө кайтып баргандан кийин да сезгенин айтышкан. Ширин аттуу германиялык эже мындай деп жазган: «Түркиядагы бир туугандар үчүн расмий эмес күбөлөндүрүү такыр кыйынга турбайт экен. Мен болсо тартына берчүмүн. Бирок өнөктүккө катышуу, бир туугандардын үлгүсү жана көп жолу тиленүү мага мурда кыла албаган нерсени кылууга жардам берди. Мен атүгүл метродон кабар айтып, баракча тараттым! Азыр кызматтын бул түрүнө катышкандан мурдагыдай тартынбай калдым».
«Мен өзүмдүн кызматыма байланыштуу айрым нерселерге үйрөндүм,— дейт германиялык Йоханнес.— Түркиядагы бир туугандар мүмкүн болушунча көп кишиге кабар айтууга аябай аракет кылышат экен. Алар ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп жатышты. Германияга барганда мен да ошентейин деп чечкем. Азыр мурункуга караганда көбүрөөк кишиге кабар айтып жатам».
«Ал өнөктүк кызматыма бир топ пайдасын тийгизди. Мен кайраттуу болууга жана Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөндүм»,— дейт Франциядан барган Зейнеп.
Жарчылар бири-бири менен ынак болуп калышкан. Ар кайсы өлкөдөн болгон бир туугандардын ортосундагы сүйүү, биримдик баарына күчтүү таасир эткен. «Биз бир туугандардын меймандостугун „татып көрдүк“»,— дейт жогоруда айтылган Жан-Давид. Ал мындай деп кошумчалайт: «Алар бизди досторундай, өз үйүндөгүлөрүндөй кабыл алышты. Эшигин бизге кенен ачышты. Мен эл аралык бир туугандыктын мүчөсү экенибизди билчүмүн; бул жөнүндө адабияттарыбыздан көп эле окугам. Бирок муну өзүм биринчи жолу сезип көрдүм. Ошондо Жахабанын кызматчысы экениме
ого бетер сыймыктандым. Ушундай кереметтүү сыймык үчүн ага абдан ыраазымын».«Даниядан болобузбу, Францияданбы, Германияданбы же Түркияданбы, баарыбыз бир үй-бүлөдөй болдук. Кудай чоң өчүргүч менен улуттук чек араларды өчүрүп салгандай эле болду»,— дейт франциялык Клар.
Франциядан барган Стефани: «Өнөктүктүн аркасында бизди бириктирген нерсе маданият же тил эмес, баарыбыздын Жахабага болгон сүйүүбүз экенин түшүндүк»,— деп кошумчалаган.
ТИЙГИЗГЕН ПАЙДАСЫ
Башка өлкөдөн барган көптөгөн жарчылар Түркияда иш дагы көп экенин түшүнүп, ал жакка көчүп баруу жөнүндө ойлоно башташкан. Алардын бир тобу көчүп барган. Андай жан аябас бир туугандар жогору бааланат.
Мисалга 25 жарчыдан турган обочо топту алалы. Көптөгөн жылдар бою ал топто бир эле аксакал болгон. 2015-жылы Германиядан жана Нидерландиядан 6 бир тууган көчүп барганда, ал жактагы жарчылардын канчалык кубанганын элестетсең!
ИШ КАЙНАП ЖАТКАН ЖЕРДЕ
Муктаждык боюнча Түркияга көчүп баргандар ал жактагы жашоосу жөнүндө эмне дешет? Албетте, кээде кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок муктаждык бар жерде кызмат кылуу мол бата менен коштолот. Айрымдардын буга байланыштуу эмне дегенин карап көрөлү.
«Байлап ала турган байлыгым жок болгондуктан, өзүмдү эркин сезем жана эң маанилүү нерселерге көңүл топтой алам»,— дейт испаниялык Федерико аттуу 40тан ашып калган үй-бүлөлүү бир тууган. Ал кызматтын ушул түрүн башкаларга сунуш кылабы? «Ооба, сөзсүз! — дейт ал.— Адамдарга Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берүү максатында башка жакка көчүп барганыңда өзүңдү, чынында эле, Жахабанын колуна тапшырган болосуң. Анын камкордугун мурда болуп көрбөгөндөй сезе аласың».
«Иш кайнап жаткан жерде кызмат кылып, чындыкты эч качан укпаган адамдар менен бөлүшүү
зор канааттануу тартуулайт. Башкалардын чындыкты угуп, ушунчалык сүйүнгөнүн көргөндө кубанычка бөлөнөсүң»,— дейт 60ка таяп калган үй-бүлөлүү Руди деген нидерландиялык бир тууган.Германиядан көчүп барган, 40тан ашып калган Саша: «Кызматка чыккан сайын чындыкты өмүрүндө биринчи жолу уккан адамдарды кезиктирем. Аларга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берүүдөн чоң канааттануу алам»,— дейт.
Турмушка чыккан 35тердеги Ацуко деген жапониялык бир тууган мындай дейт: «Мурун Армагедон эртерээк эле келсе экен дей берчүмүн. Бирок Түркияга көчүп баргандан кийин Жахабанын чыдамдуулук көрсөтүп келатканына ыраазы болдум. Жахабанын баарын кантип жетектеп жатканын көргөн сайын, ага ошончолук жакындагым келет».
30тан ашып калган Алиса деген орусиялык ишенимдешибиз: «Жахабага ушундай жол менен кызмат кылуу анын канчалык жакшы экенин татып көрүүгө жардам берип келет»,— дейт (Заб. 34:8). Ал: «Жахабаны Атам катары эле эмес, ар кандай жагдайда жакшыраак таанып-билген Досум катары да көрөм. Жашоом кубанычтуу күндөргө, жүрөк толкуткан окуяларга жана баталарга бай!» — деп кошумчалайт.
«ТАЛААГА КӨЗ ЧАПТЫР»
Түркиядагы атайын өнөктүк жакшы кабардын дагы көп кишиге жетишине шарт түздү. Анткен менен иштетилбеген аймактар дагы деле арбын. Ал өлкөгө муктаждык боюнча көчүп баргандар Жахаба жөнүндө уга элек адамдарга күн сайын жолугушат. Сен да ушундай аймакта кызмат кылгың келеби? Ошондой болсо, Иса Машаяктын: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деген чакырыгына ылайык иш кыл (Жкн. 4:35). «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калган» жерлерде түшүм жыйноо ишине кол кабыш кыла аласыңбы? Анда максатыңа жетиш үчүн азыртадан тийиштүү кадамдарды жасай башта. Бир нерседен такыр шектенбе: жакшы кабарды «жердин учу-кыйырына чейин» жеткирүү үчүн көбүрөөк кызмат кылсаң, эч нерсеге салыштырылгыс мол бата аласың! (Элч. 1:8).
^ 2-абз. Кара: «„Жер соорусун“ карагылачы» китепчеси, 32, 33-б.