Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга ырайым көрсөткөнү үчүн ыраазы бололу

Кудайга ырайым көрсөткөнү үчүн ыраазы бололу

«Баарыбыз ырайым артынан ырайым көрүп келдик» (ЖКН. 1:16).

ЫРЛАР: 95, 13

1, 2. а) Иса пайгамбардын жүзүмзардын ээси жөнүндөгү мисалын айтып бергиле. б) Ал мисалда берешендик менен ырайымдуулук кандайча баса белгиленген?

ЖҮЗҮМ өстүргөн бир киши жүзүмзарына жумушчуларды жалдаш үчүн эртең менен эрте базар аянтына барат. Анан тапкан кишилери менен эмгек акысын сүйлөшүп, аларды жүзүмзарына жиберет. Дагы көбүрөөк жумушчу керек болуп калгандыктан, ал киши базар аянтына дагы бир нече жолу барып, жумушчуларды жалдайт. Бирок баарына бирдей эле эмгек акыны сунуш кылат. Кеч киргенде, ал жумушчуларын чогултуп, көп саат иштегендерге да, бир эле саат иштегендерге да бирдей акы төлөп берет. Биринчи жалданган жумушчулар буга нааразы боло башташат. Ошондо жүзүмзардын ээси аларга, мындайча айтканда: «Мен сунуш кылган акыга өзүңөр макул болбодуңар беле. Жумушчуларыма канча беришти өзүм чечкенге укугум жокпу? Же берешендигимди көрө албай жатасыңарбы?» — дейт (Мт. 20:1—15).

2 Иса пайгамбар айткан бул мисал Жахабанын Ыйык Китепте көп айтылган сапаттарынын бирин — «ырайымын» — эске салат. (Оку: 2 Корунттуктар 6:1.) Бир эле саат иштеген жумушчулар толук эмгек акысын алууга татыксыздай көрүнгөн, бирок жүзүмзардын ээси аларга өзгөчө ырайымдуулук көрсөткөн. «Ырайым» деген сөзгө байланыштуу Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «Бул сөздүн негизги мааниси акысыз берилген, адам татыксыз болгон белекти, ал өз эмгеги менен эч качан ээ боло албай турган нерсени, билдирет»,— деп жазган.

ЖАХАБА ТАРТУУЛАГАН ЭҢ КЫМБАТ БЕЛЕК

3, 4. Жахаба бүт адамзатка эмне үчүн жана кантип ырайым көрсөткөн?

3 Ыйык Китепте «Кудайдын... ырайым белеги» тууралуу айтылат (Эф. 3:7). Жахаба ал белекти эмне үчүн жана кантип берген? Эгер биз Жахабанын бардык талаптарын жеткилең түрдө аткарсак, анын ырайымына татыктуу болмокпуз. Өкүнүчтүүсү, бул биздин колубуздан келбейт. Ошондуктан акылман Сулайман падыша: «Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок»,— деп жазган (Нас. 7:20). Элчи Пабыл да «бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышканын» жана «күнөө үчүн жаза — өлүм» экенин айткан (Рим. 3:23; 6:23а). Ооба, биз өлүмгө татыктуу болчубуз.

4 Бирок Жахаба улуу ырайымынан улам жеткилеңсиз адамзатка сөз менен жеткире алгыс чоң жакшылык кылган. Анын бизге берген эң кымбат белеги — «өзүнүн жалгыз Уулу». Өмүр алышыбыз үчүн, ал Уулун жерге жиберген (Жкн. 3:16). Элчи Пабыл ал тууралуу: «Исага өлүмдү башынан кечиргени үчүн даңк менен урмат-сый таажысы кийгизилгенин көрдүк. Ал Кудайдын ырайымы менен баары үчүн өлгөн»,— деп жазган (Евр. 2:9). Ырас, «Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Рим. 6:23б).

5, 6. а) Күнөөнүн бийлигине баш ийүүнүн кесепети кандай болот? б) Ырайымдын бийлигине баш ийүүнүн натыйжасы кандай болот?

5 Күнөө менен өлүм кандайча баарыбызга тукум кууп өткөн? Ыйык Китепте Адам атанын «кылмышынын айынан өлүм» анын тукумдарына «падыша катары бийлик кылып келатканы» айтылат (Рим. 5:12, 14, 17). Бактыга жараша, күнөөнүн бийлигине моюн сунбай, ага каршы туруу колубуздан келет. Эгер Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтсөк, Жахабанын ырайымынын бийлигине баш ийген болобуз. Кандайча? Ыйык Китепте мындай деп түшүндүрүлөт: «Күнөө көп жерде ырайым андан да көп көрсөтүлдү. Эмне үчүн? Күнөө өлүм менен бирге падыша катары бийлик кылгандай эле, ырайым да Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жеткире турган адилдик жолунда падыша катары бийлик кылышы үчүн ошондой болду» (Рим. 5:20, 21).

6 Азырынча жеткилеңсиз болсок да, күнөөнүн бизди бийлеп алышына жол бербешибиз керек. Эгер күнөөгө алдырып койсок, Жахабадан кечирим сурай алабыз. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Күнөө силерге үстөмдүк кылбашы керек, анткени силер мыйзамдын эмес, ырайымдын бийлиги астындасыңар»,— деп айткан (Рим. 6:14). Ооба, биз ырайымдын бийлигине баш иебиз. Бул бизге кандай таасир этет? Пабыл: «Кудайдын ырайымы... бизди ыймансыздыкты, дүйнөнүн каалоолорун четке кагууга жана азыркы дүйнөдө акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого үйрөтөт»,— деген (Тит 2:11, 12).

КУДАЙДЫН ЫРАЙЫМЫ «АР КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН КӨРСӨТҮЛӨТ»

7, 8. Жахабанын ырайымынын «ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөнү» эмнени билдирет? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү карагыла.)

7 Элчи Петир: «Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла»,— деп жазган (1 Пет. 4:10). Бул эмнени билдирет? Жашоодо кандай кыйынчылыктарга туш болбойлу, Жахаба бизге алар менен күрөшүүгө күч берет (1 Пет. 1:6). Сыноолор ар түрдүү болот, бирок Кудайдын ырайымы да ошого жараша ар кандай жолдор менен көрсөтүлөт.

8 Элчи Жакан: «Ал чексиз ырайымдуу болгондуктан, баарыбыз ырайым артынан ырайым көрүп келдик»,— деп жазган (Жкн. 1:16). Жахаба ырайымын ар кандай жолдор менен көрсөткөндүктөн, биз көптөгөн баталарга ээ болуп жатабыз. Алардын айрымдары кайсылар?

9. Жахабанын ырайымынын аркасында кандай бата алабыз жана ага ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

9 Күнөөлөрүбүз кечирилет. Жахабанын ырайымынын аркасында күнөөлөрүбүз кечирилет. Бирок ан үчүн кылган күнөөбүз үчүн өкүнүп, алсыздыктарыбыз менен күрөшүүгө бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. (Оку: 1 Жакан 1:8, 9.) Кудайдын ырайым көрсөткөнүнө ушунчалык ыраазы болгондуктан биз аны даңктоого түрткү алабыз. Элчи Пабыл Иса Машаяктын майланган жолдоочуларына: «Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышалыгына киргизди. Уулу аркылуу биз кундун негизинде боштондукка чыктык, күнөөлөрүбүз кечирилди»,— деп жазган (Кол. 1:13, 14). Күнөөлөрүбүздүн кечирилгени дагы башка көптөгөн кереметтүү баталарды алышыбызга жол ачат.

10. Кудайдын ырайымынын аркасында дагы кандай бата алуудабыз?

10 Кудай менен дос болуудабыз. Бизге күнөө тукум кууп өткөндүктөн, ар бирибиз төрөлгөнүбүздөн эле Кудайдын душманы болчубуз. Элчи Пабыл: «Кудайдын душманы болуп туруп Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдештик»,— деген (Рим. 5:10). Ырас, кундун негизинде биз Жахаба менен элдешип, достук мамиле өрчүтүүдөбүз. Пабыл мунун Жахабанын ырайымынын аркасында болуп жатканын баса белгилеп, майлангандарга: «Ишенимибиздин негизинде адил деп жарыялангандыктан Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу Кудай менен тынчтыкта бололу. Иса аркылуу ишенимдин аркасында азыр өзүбүз ээ болгон ырайымга жол ачылды»,— деген (Рим. 5:1, 2). Бул кандай зор бата!

Кудай ырайымын ар кандай жолдор менен көрсөтөт. Жакшы кабардын жарыяланышы (11-абзацты карагыла)

11. Майлангандар кандайча «башка койлорду» «адилдиктин жолуна салып» жатышат?

11 Кудайдын алдында адил болобуз. Табиятыбыздан күнөөкөр болгондуктан биз адил эмеспиз. Бирок Даниел пайгамбар акыркы күндөрдө «түшүнүккө ээ болгондордун», башкача айтканда, майлангандардын калдыгынын «көптөрдү адилдиктин жолуна саларын» алдын ала айткан. (Оку: Даниел 12:3.) Кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши аркылуу алар миллиондогон «башка койлорду» «адилдиктин жолуна салып» жатышат (Жкн. 10:16). Бирок бул Жахабанын ырайымынын аркасында гана мүмкүн болууда. Элчи Пабыл: «Кудай аларды Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгарып, өзүнүн ырайымы менен адил деп жарыялады. Бул — анын берген белеги»,— деп жазган (Рим. 3:23, 24).

Тиленүү белеги (12-абзацты карагыла)

12. Тиленүү менен Кудайдын ырайымынын ортосунда кандай байланыш бар?

12 Тиленүү аркылуу Кудайдын тактысына жакындайбыз. Жахаба ырайымдуулугунан улам бизге тиленүү аркылуу анын тактысына жакындоого мүмкүнчүлүк берүүдө. Элчи Пабыл аны «ырайым тактысы» деп атаган жана бизди ал тактыда отурган Жахабага «сүйлөө эркиндиги менен» кайрылууга үндөгөн (Евр. 4:16а). Биз бул зор сыймыкка анын Уулунун курмандыгынын аркасында гана ээ болуп жатабыз. Ошондуктан ал «аркылуу кайраттуулук менен сүйлөп, ага болгон ишенимибиздин негизинде Кудайга ишенимдүү түрдө кайрыла алабыз» (Эф. 3:12). Ооба, Жахабага ээн-эркин кайрыла алганыбыз — анын зор ырайымынын далили.

Муктаж болгондо алган жардам (13-абзацты карагыла)

13. Муктаж болгонубузда, Жахабанын ырайымы бизге кандайча жардам берет?

13 Муктаж болгонубузда жардам алабыз. Элчи Пабыл, «жардамга муктаж болгонубузда Кудай бизге ырайымын, кайрымдуулугун көрсөтүшү үчүн», бизди тиленүү аркылуу ага эркин кайрылууга үндөгөн (Евр. 4:16б). Кандай кыйынчылыкка же сыноого дуушар болбойлу, Жахабадан ар убак тиленип, жардам беришин сурасак болот. Татыктуу болбосок да, ал ар кандай жолдор менен, көбүнчө ишенимдештерибиз аркылуу тиленүүбүзгө жооп берет. Ошондуктан: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деп кайраттуулук менен айта алабыз (Евр. 13:6).

14. Жахаба ырайымдуулугунан улам бизге кантип жардам берүүдө?

14 Жан дүйнөбүз тынчтанып, сооронобуз. Жүрөгүбүз уйгу-туйгу болуп, кыйналганыбызда, ырайымдуу Жахаба Кудайыбыз бизди тынчтандырып, сооротот (Заб. 51:17). Элчи Пабыл катуу куугунтукка алынган Тесалоникадагы ишенимдештерине: «Бизди сүйүп, ырайымы менен бизге түбөлүк сооронуч, кереметтүү үмүт берген Кудай Атабыз жана Мырзабыз Иса Машаяк силерди сооротсун,.. бекемдесин»,— деп жазган (2 Тес. 2:16, 17). Ырайымдуу Атабыз Жахабанын мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканын сезгенибизде кандай гана бекемделебиз!

15. Кудай ырайымдуулугунан улам бизге кандай үмүт берүүдө?

15 Түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээбиз. Күнөөкөр болуп төрөлгөндүктөн эч кандай үмүтүбүз жок болчу. (Оку: Забур 49:7, 8.) Бирок Жахаба бизге кереметтүү үмүт берүүдө. Иса пайгамбар жолдоочуларына: «Атамдын эрки боюнча, Уулун таанып-билип, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болушу керек»,— деп айткан (Жкн. 6:40). Чынында эле, түбөлүк өмүр — Кудайдын ырайымынын аркасында бериле турган баа жеткис белек. Муну жогору баалаган элчи Пабыл: «Кудайдын ырайымы айкын болуп, ар кандай адамдарга куткарылуу алып келди»,— деген (Тит 2:11).

КУДАЙДЫН ЫРАЙЫМЫН БАРККА АЛБАЙ КОЙБОЙЛУ

16. 1-кылымда айрымдар кандайча Кудайдын ырайымын баркка алышкан эмес?

16 Жахаба ырайымдуулугунан улам бизге батасын мол берип жатса да, ал туура эмес иштердин баарына көз жумуп коёт деп ойлобошубуз керек. Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочуларынын арасында «Кудайыбыздын ырайымын өздөрүнүн уятсыз жүрүм-турумун акташ үчүн колдонгондор» болгон (Жүй. 4). Кыязы, алар күнөө кыла берсе болот, Жахаба баары бир деле кечирет деген ойдо болушкан. Анысы аз келгенсип, башка ишенимдештерин да өздөрү кылган ыпылас иштерге азгырышкан. Тилекке каршы, «ырайым рухун жек көрүү менен кордогондор» бүгүнкү күндө да жок эмес (Евр. 10:29).

17. Элчи Петир кандай кеңеш берген?

17 Шайтан: «Кудай ырайымдуу болгондуктан, күнөө кыла берсеңер деле эчтеке кылбайт»,— деген калпка ишендирүүгө аракет кылат. Өкүнүчтүүсү, айрым бир туугандар ага ишенип калышкан. Албетте, Жахаба күнөө кылганына өкүнгөндөрдү кечирүүгө даяр, бирок ал туура эмес каалоолорубуз менен күрөшүүгө бүт күчүбүздү жумшашыбызды каалайт. Элчи Петир ыйык рухтун жетеги менен мындай деп жазган: «Демек, сүйүктүү бир туугандарым, муну алдын ала билгендиктен, ал мыйзамсыздар силерди өздөрүнүн туура эмес жолуна азгырып кетпеши үчүн жана туруктуулугуңардан тайбашыңар үчүн сак болгула. Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяк жөнүндөгү билимиңер артып, мындан ары да анын ырайымына ээ боло бергиле» (2 Пет. 3:17, 18).

КУДАЙДЫН ЫРАЙЫМЫНА ЭЭ БОЛГОНУБУЗ БИЗГЕ ЖООПКЕРЧИЛИК АРТАТ

18. Жахабанын ырайым көрсөткөнү бизди эмнеге милдеттендирет?

18 Биз ырайым көрсөтүп жатканы үчүн Жахабага абдан ыраазыбыз. Ошондуктан андан алган белектерибизди аны даңкташ үчүн жана башкаларга жардам бериш үчүн колдонууга милдеттүүбүз. Муну кантип кылсак болот? Буга элчи Пабыл мындай деп жооп берген: «Өзүбүзгө көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар кандай жөндөмдүүлүктөргө ээбиз, ошондуктан... кызмат кылуу жөндөмүнө ээ болсок, кызмат кылалы; ким окутуу жөндөмүнө ээ болсо, окутсун; ким насаат айтуу жөндөмүнө ээ болсо, насаат айтсын;.. ким кайрымдуулук кылуу жөндөмүнө ээ болсо, кубаныч менен кайрымдуулук кылсын» (Рим. 12:6—8). Демек, Жахабанын ырайым көрсөткөнү бизди жан-дилден кызмат кылууга, башкаларга Ыйык Китептин негизинде билим берүүгө, ишенимдештерибизди бекемдөөгө жана көңүлүбүздү ооруткандарды кечирүүгө милдеттендирет.

19. Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

19 Берешен Кудайыбыз Жахабанын улуу ырайымына ээ болгондор катары биз анын «ырайымы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүш үчүн» колубуздан келгендин баарын кылууга тийишпиз (Элч. 20:24). Ошол милдетибиз тууралуу кийинки макалада талкуулайбыз.