Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса: «Мени... тынчтык алып келди деп ойлобогула»,— дегенде эмнени айткысы келген?

▪ Иса башкаларды бири-бири менен тынчтыкта, ынтымакта болгонго үндөгөн. Бирок ал бир жолу өзүнүн элчилерине мындай деп айткан: «Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес, кылыч алып келдим. Анткени мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим» (Мт. 10:34, 35). Муну менен Иса эмне дегиси келген?

Ал үй-бүлө мүчөлөрүн бөлүп-жаргысы келген эмес. Бирок окуулары үй-бүлөнүн ортосунда от жагарын билген. Андыктан Машаяктын жолун жолдоп, чөмүлгүсү келгендер сөзсүз кыйынчылыктарга туш болорун эске алышы керек. Өмүрлүк жары же үйдөгүлөрүнөн бирөө каршылык көрсөтсө, Машаяктын окууларына карманыш кыйла кыйын болуп калары турган иш.

Ыйык Китепте Исанын жолдоочулары «бардык адамдар менен тынчтыкта болгонго» чакырылат (Рим. 12:18). Бирок Исанын окуулары айрым үй-бүлөлөр үчүн «кылычтай» эле болуп калышы мүмкүн. Кандай мааниде? Мисалы, бир үй-бүлөдө кимдир бирөө Исанын окууларын кабыл алып, башкалары четке какса же каршы болсо, үйдө уруш-талаш чыгышы ыктымал. Андай учурларда каршы болгон туугандары чындык жолуна түшкөн кишинин «душманындай» эле болуп калат (Мт. 10:36).

Туугандары башка динди туткан үй-бүлөдө жашаган Машаяктын жолдоочусу кээде Жахабаны жана Исаны канчалык жакшы көрөрү сынала турган жагдайларга туш болот. Маселен, туугандары аны Кудайга жакпаган майрамдарга катышканга кысташы мүмкүн. Андайда ал кимге жаккысы келерин чечиши керек болот. Иса: «Ким атасын же энесин менден артык көрсө, шакиртим болууга татыктуу эмес»,— деген (Мт. 10:37). Албетте, Иса анын шакирти болгонго татыктуу болуш үчүн ата-энебизди жаман көрүшүбүз керектигин айткысы келген эмес. Ал шакирттерин жашоодо эмне баарынан маанилүү экенин аңдаганга үйрөткүсү келген. Эгер үйдөгүлөрдөн кимдир бирөө Жахабага кызмат кылганга бут тосуп жатса, аларды мурдагыдай эле жакшы көрө беребиз. Болгону Кудайдан артык көрбөйбүз.

Үйдөгүлөрдөн кимдир бирөө Кудайга кызмат кылышыбызга жолтоо болсо, жүрөгүбүз оорубай койбойт. Ошентсе да Исанын шакирттери анын: «Ким өзүнүн жаза устунун алып, артымдан ээрчибесе, шакиртим болууга татыктуу эмес»,— деген сөздөрүн эстен чыгарбашы керек (Мт. 10:38). Башкача айтканда, кимдир бирөө анын жолун жолдойм деп чечсе, белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн экенин түшүнүшү зарыл. Үйдөгүлөрдүн каршылыгы ошол кыйынчылыктардын бирине кирет. Ошол эле учурда ал каршы болгон туугандары анын жакшы жүрүм-турумун көрүп, качандыр бир убакта жүрөгү жибип, Ыйык Китептеги кабарды кабыл алат деп үмүттөнө берет (1 Пет. 3:1, 2).